Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:27

Бишкек: Кызылча оорусу менчик мектеп, бакчаларда катталды


Бишкекте менчик бала бакчалардын экөөндө жана менчик мектептердин биринде кызылча (корь) оорусу катталгандыктан убактылуу жабылып, тийиштүү аракет көрүлгөндөн кийин алардын иши кайрадан кадимки тартипте улана баштады. Бул тууралуу бүгүн 1-ноябрда “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, Каракол шаарында да бир мамлекеттик мектеп кызылча оорусунун айынан убактылуу жабылган.

Аталган бала бакчалар убактылуу жабылып, ал эми мектептер онлайн иштеп, оорунун жайылышына бөгөт коюлгандан кийин баары кадимки тартипке өткөн.

Ал эми Жалал-Абад шаарында 30-октябрда эки мамлекеттик орто мектеп карантинге жабылган бойдон окуу аралыктан уланууда.

Кызылча боюнча эпидемиологиялык абалды министрлик оор деп баалоодо. Бейтаптардын баары тийиштүү эмдөөдөн өтпөгөндөр.

Жыл башынан бери бул илдетке чалдыккандар 3289га жетти, алардын көбү 4 жашка чейинки курактагы балдар. Бейтаптардын эң көбү Бишкекте (989), Ошто (321), Ош облусунда (683), Чүй облусунда (515) жана Жалал-Абад облусунда (501).

Оорунун жайылышын таптакыр токтотуш үчүн эмделгендер 95% камтылышы зарыл, бүгүнкү күндө бул көрсөткүч 76% түзүүдө.

Кызылча аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу жана оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет.

Кыргызстанда бул оорудан сактануу мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн бала тийиштүү вакцинаны бир жана алты жашка чыкканда калтырбай алышы шарт.

2017-жылдын декабрында кызылча оорусу Кыргызстанда көп каттала баштап, жылына эки-үч миңге чейин жетип жаткан. 2020-жылы катталбай калган. 2021-жылы үч, 2022-жылы бир бейтап катталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG