Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

Темировдун ишин караган судья Акылбек Адимов үй камагына чыкты


Акылбек Адимов
Акылбек Адимов

Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов үй камагына чыгарылганы 31-октябрда белгилүү болду. Бул маалыматты Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастады.

Райондук сот Адимовдун бөгөт чарасын 23-октябрда караган. Аны үй камагына чыгарууну тергөөчү өтүнгөн.

20-октябрда судья Адимовдун бөгөт чарасын карап, 17-декабрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алган болчу.

Айрым маалымат сайттары Акылбек Адимов Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” беренеси менен шек саналып жатканын, судьяны УКМКнын кызматкерлери кармаганын жазышкан. Атайын кызмат бул иш боюнча эч кандай маалымат берген эмес.

Судьялар кеңеши 20-октябрда аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча Башкы прокуратуранын сунушун карап, макулдук бергени айтылган.

Акылбек Адимов 39 жашта. Ал 2022-жылы Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин караган.

Былтыр 28-сентябрда Свердлов райондук сотунда Акылбек Адимов журналистке карата маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актаган. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актоо чечимин чыгарган. Райондук соттун өкүмүнө нааразы болгон прокуратура шаардык сотко кайрылган.

Судьянын жакындары менен адвокаттары азырынча комментарий бере элек. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG