Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Астанада бейтаптарга кыйноо көрсөткөн студентке сот өкүмү чыкты


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Казакстанда карыя бейтаптарды жана майып балдарды кыйнаган деген шек менен үй камагына алынган студентке сот өкүмү чыгып, ал жалпы тартиптеги колонияга 5 жылга чукул кесилди. “Азаттыктын” казак кызматы 30-октябрда билдиргендей, медициналык окуу жайдын 22 жаштагы студенти сот залынан камакка алынды.

Ал кары-картаңдардын хосписинде санитар болуп, майып балдардын реабилиациялык борборунда инструктор болуп иштеп жүргөндө аларга кол көтөргөнү, мындай жоругун чөнтөк телефонуна видеого тартып, тааныштарына жөнөтүп жүргөнү аныкталган.

Сотто Астанадагы медициналык университеттин 5-курсунун студенти күнөөсүн моюнуна алып, жабыркагандардан кечирим сурады. Прокурор аны түрмөгө жөнөтүүнү, ал эми жактоочу тарап эркинен ажыратпаган жаза чарасын колдонууну өтүнүштү.

Кылмыш иши «Кыйноо көрсөтүү» беренеси менен козголуп, тергөө бир нече ай уланды.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG