Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:00

Индияда темир жол кырсыгында кеминде 14 киши каза болду


Темир жол кырсыгы болгон жер. Индия, 30-октябрь, 2023-жыл
Темир жол кырсыгы болгон жер. Индия, 30-октябрь, 2023-жыл

Индиянын Андхра-Прадеш штатында эки жүргүнчү поезд кагылышканда бери дегенде 14 киши каза болду, дагы ондогону жараат алды.

«Рейтерс» агенттиги маалымдагандай, эки вагон рельстен чыгып кетти, бийлик кырсыктын себептерин иликтөөдө.

Алдын ала маалыматка караганда, поезддин бирин башкарып бараткан айдоочу «токто» деген белгиге баш ийбей койгон.

Кырсык бир поезддин зым арканы үзүлүп кетип, ал токтоп калганда, экинчиси аны маңдайынан сүзгөндө болгон.

Бир нече ай мурун Индия эң чоң темир жол кырсыгын башынан кечирген. 2-июнда Баласор шаарында жүк ташыган жана эки жүргүнчү поезддин кагылышуусу 292 кишинин өмүрүн алган. Бийлик ошондо кырсыкты “поезддерди башкаруу системасындагы мандем” деп түшүндүргөн.

Индиянын темир жолу түйүнү дүйнөдө 4-орунду ээлейт. Учурда аны жаңылоо процесси жүрүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG