Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

Казакстанда шахтадан дагы эки кишинин сөөгү табылды


Караганды облусундагы Костенко атындагы шахтада каза тапкандардын саны 45ке жетти. Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги дагы бир киши изделип жатканын билдирди.

Костенко шахтасындагы 28-октябрга караган түнү жарылуу болгон. Кырсык учурунда жер астында 252 кенчи болгону, алардын 206сы өз алдынча чыгып кеткени кабарланган. Калгандары сыртка чыга албай калган.

Алдын ала маалымат боюнча, жарылууга көмүр казанынан чыккан өрт себеп болгон. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы Кылмыш кодексинин “Тоо-кен же курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча сотко чейинки тергөө амалдарын баштаганын кабарлаган.

Казакстанда 29-октябрь – жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Президент Касым-Жомарт Токаев бул окуядан кийин «АрселорМитталТемиртау» компаниясы менен инвестициялык кызматташууну токтотуу тапшырмасын бергенин билдирген.

Бүгүн аталган компания билдирүү жарыялап, анда 2020-жылдан тарта ишканаларда коопсуздук көрсөткүчтөрүн жакшыртуу үчүн басым жасаганын белгилеген.

"Абалды турукташтыруу боюнча маанилүү аракеттерге карабастан биз казак өкмөтү менен операциянын туруктуулугун камсыздай турган, алдыга жылчу жаңы жол табууну макулдаштык. Бир нече ай мурда биз "АрселорМиттал Темиртау" компаниясына болгон менчик укугун кайра өкмөткө берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштаганбыз. Өткөн аптада, бул кырсыктын алдында биз принципиалдуу макулдашууга кол койгонбуз", - деп жазылган билдирүүдө.

Өткөн жылы «АрселорМиттал Темиртаунун» ишканаларындагы окуялардан кийин Казакстандын өкмөтүнүн алдында Караганды көмүр бассейниндеги шахталардын жана металлургиялык комбинаттын "кожоюнун алмаштыруу" маселеси турганы айтыла баштаган.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG