Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:22

Иранда 17 жаштагы Армита Гераванддын сөөгү жерге берилди


Иранда 17 жаштагы Армита Гераванддын сөөгү жерге берилди.

Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты коопсуздук чараларын катуу сактаган шартта өттү.

Такталбаган маалыматтарга караганда, Гераванддын эки тууганы менен бир нече киши Тегерандын туштүгүндөгү Бехешт-э-Захра бейитинде сөөк коюлуп жаткан маалда кармалганы айтылууда.

"Фарда" радиосуна маалымат берген булак бейитте белгилүү адвокат-укук коргоочу Насрин Сотуде кармалып, сабалган да болушу мүмкүн экенин билдирген. Сотуде мурда дагы оппозиция өкүлдөрүн, хижаб боюнча жоопкерчиликке тартылган аялдардын укугун коргогону үчүн камалган. Соцтармакта жарыяланган видеолордо Армита Геравандды акыркы сапарга узатууда көп киши чогулуп, аялдар да келгенин көрүүгө болот. Армитанын жакындарынын биринин айтымында, “коопсуздук агенттиги” тууган жери Керманшах провициясына эмес, Тегеранга коюлса гана кыздын сөөгү бериле турганын билдирген.

Ирандын бийлигине караштуу Borna.news агенттиги маалымдагандай, Армита Гераванд оорукананын жандандыруу бөлүмүндө бир жума жаткандан кийин кайтыш болду. Укук коргоочулар ал хижабсыз жүргөнү үчүн кармалганда катуу жараат алганын айтууда.

Расмий маалыматта кыз кан басымы кескин түшүп кеткендиктен, метродо кулап, башы жарылып, мээси чайкалганы, бул гипоксияга жана мээнин шишип кетишине алып келгени айтылат. Ооруканага жеткирилген Армита комага түшкөн.

Окуядан бир нече күндөн кийин Hengaw укук коргоо кыймылы Гераванд хижабсыз жүргөнү үчүн адеп-ахлак полициясы тарабынан кармалган учурда жараат алганын айтып чыкты. Алардын маалымдашынча, адеп-ахлак полициясы кызга күч колдонгон.

Былтыр сентябрда Иранда 22 жаштагы студент кыз Махса Амини полиция хижаб эрежесин бузган деп кармап кеткенден кийин каза тапкан. Анын өлүмүнөн кийин Иранда бир нече айга созулган массалык толкундоолор болгон. Кыз-келиндер хижабдарын чечип өрттөшкөн. Укук коргоочулардын маалыматына караганда толкундоолор учурунда 500дөй киши өлүп, 20 миңдей адам кармалган. Кеминде жети киши өлүм жазасына тартылган.

2023-жылдын сентябрь айында Иранда ислам динине ылайык кийинбегендерге он жылга чейин эркинен ажыратуучу мыйзам кабыл алынган. Мыйзамды бузган аялдарга балак уруу жана 8 миң долларга чейин айып пул салуу каралган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG