Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:24

Украинада снаряд жарылып, полиция кызматкерлери жараат алды


"Азаттыктын" украин кызматы кабарлагандай, 29-октябрда Донецк облусунун түштүк тарабындагы Сиверск шаарында орус аскерлери аткан снаряд полициянын автунаасынын жанынан жарылып, төрт кызматкер жараат алды. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги алар амбулатордук жардам алганын, абалдары канаттандырарлык экенин билдирди.

Украинанын абадан коргонуу системасы өткөн түнү Орусиянын беш «Шахед» дронун атып түшүргөнүн кабарлаган. Бийликтин маалыматында, чабуул Хмельницкий, Николаев, Полтава, Запорожье облустарына багытталган.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги Tелеграмда түнү бою Кара деңиздин жана аннексияланган Крым жарым аралынын үстүнөн украиналык 30дай дронду атып түшүргөнүн айтты.

Орусиянын түштүгүндөгү Кара Деңиз менен чектеш Краснодар облусунун бийлиги бүгүн эртең менен мунай иштетүүчү заводдо өрт чыкканын маалымдап, анын себебин тактаган жок. Бирок жергиликтүү маалымат каражаттары өрт чабуулдан же атып түшүрүлгөн дрондун сыныктарынан улам чыкканын жазышты.

Согуш маалында тараптардын маалыматтарын көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG