Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Казакстанда шахтадагы кырсыкта каза тапкандар 43кө жетти


"Азаттыктын" казак кызматынын маалыматына караганда, Карагандыдагы шахтадагы кырсыктан кийин 43 кишинин сөөгү табылып, дагы үч киши изделип жатат.

Куткаруучулар шахтаны суу каптап, электр энергиясынын жоктугу издөө иштерин кыйындатып жактанын айтууда.

Шахтада жалпы 1400 кызматкер иштечү. Кырсык болгон учурда 252 киши жер алдында иштеп жаткан. Алардын 206сы өз алдынча чыкканга жетишип, калгандары чыга албай калган. Алдын ала маалымат боюнча, жарылууга көмүр казанынан чыккан өрт себеп болгон.

Өлкөнүн Башкы прокуратурасы Кылмыш кодексинин “Тоо-кен же курулуш иштерин жүргүзүүдө коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси боюнча сотко чейинки тергөө иштерин баштаганын кабарлаган.

Казакстанда 29-октябрь – жалпы улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG