Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:38

Түркия 100 жылдыгын белгилеп жатат


Түркия 100 жылдык мааракесин майрамдап жатат. Сүрөт: Alexey Shishkin
Түркия 100 жылдык мааракесин майрамдап жатат. Сүрөт: Alexey Shishkin

29-октябрда Түркияда республиканын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленип жатат. Майрамдык иш-чаралар Анкара менен Стамбулда президент Режеп Тайып Эрдогандын катышуусунда өтүүдө.

Иш-чаралардын көпчүлүгү Түркия мамлекетинин аскердик кубаттуулугун даңазалоого арналган.

Расмий кабарларга ылайык, Анкарадагы иш-чаралар Түркия жетекчилигинин Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейине баруусу менен башталды. Андан соң аскер парады, авиашоу жана башка иш-чаралар өтөт. Түштөн кийин Босфор кысыгынан Түркиянын аскер-деңиз күчтөрүнүн 100 кемеси 20 аскердик учактын коштоосунда өтөт. Кечке маал Эрдоган элге кайрылуу жасайт.

1923-жылдын 29-октябрында Туркиянын Улуу улуттук жыйыны республиканын түзүлгөндүгүн жарыялаган. 1299-жылы түптөлгөн Осмон империясы андан бир жыл мурда 1922-жылдын 1-ноябрында жоюлган. 1925-жылы бул күндү Түркия мамлекетинин түзүлгөн күнү катары белгилөө жөнүндө мыйзам чыккан. Түркиянын алгачкы президенти Мустафа Кемаль Ататүрк болгон. Ал мамлекетти 15 жыл башкарган. Учурда өлкөнү Режеп Тайып Эрдоган жетектейт. Ал башкарган Адилеттик жана өнүгүү партиясы 2002-жылдан бери Түркиянын башкаруучу партиясы болуп келет.

Түзүлгөндөн бери парламенттик башкарууда келген Түркия 2018-жылы президенттик башкаруу формасына өткөн.

Республиканын аянты 738 миң чакырым жерди түзөт, калкы 86 млн кишиден ашуун.

Түркия Бириккен Улуттар Уюму, НАТО баштаган көптөгөн эл аралык уюмдардын мүчөсү. Анкара түрк тилдүү мамлекеттердин интеграциясын бекемдөөдө да өзгөчө батыл аракеттерди көрсөтүп келет. (KbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG