Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:28

“Мен - Асел” талкуусунда зомбулукту токтотуу талабы айтылды


"Мен - Асел" дискуссиялык акциясы. 29-октябрь 2023-жыл, Бишкек.
"Мен - Асел" дискуссиялык акциясы. 29-октябрь 2023-жыл, Бишкек.

29-октябрда Бишкекте аялдарга карата зомбулукка каршы “Мен - Асел” (I am Asel) деп аталган талкуу өтүп жатат. Анда “Кыргызстандагы үй-бүлөлүк зомбулук: коомдун аны азайтуу аракети” деген темага арналган фильм көрсөтүлдү.

Иш-чаранын алкагында укук коргоочулар коомдо талкуу жараткан Асел Ногойбаеванын окуясын жана соңку кезде күч алган аялдарга карата зомбулукту кескин сынга алып, токтотуу талабын коюшту.

Анын алкагында кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү да өтүп жатат. Түшкөн каражат Асел Ногойбаеванын дарылануусуна жумшалары кабарланган.

Иш-чарага укук коргоочулар, журналисттер, жарандык активисттер жана Асел Ногойбаеванын жакындары катышууда. Буга чейин да социалдык тармактарда “Мен - Асел” (I am Asel) деген аталыштагы флешмобдор өтүп келди.

20-сентябрда Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган 36 жаштагы Асел Ногойбаева кабылган окуя коомчулуктун үрөйүн учурган. Асел буга чейин зомбулук көрүп, милицияга бир нече жолу кайрылган. Кийин ага беш жолу коргоо ордери берилип, райондук сот пробация менен шектүүнү чыгарганы белгилүү болгон.

8 сааттык операцияны баштан кечирген Асел бир айдай ооруканада жатып, жакында үйүнө чыкты. Дарыгерлер Аселге дагы бир нече этап менен операция жасалышы керектигин айтып жатышат. (NbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG