Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Казакстандагы шахтада набыт болгондордун саны 21ге жетти


"АрселорМитталТемиртау" компаниясына таандык шахта. Иллюстрация.
"АрселорМитталТемиртау" компаниясына таандык шахта. Иллюстрация.

Караганды облусундагы Костенко көмүр кенинде өрттөн каза болгон шахтерлордун саны 21ге жетти. Буга чейин 11 адам набыт болгону кабарланган.

Шахтадагы өрт 28-октябрда чыккан. Кырсык маалында жер алдында 252 адам болгон, сыртка 205 шахтер чыгарылды. Алардын ичинен 18 адам ооруканага жеткирилген. Ушу тапта шахтада дагы он чакты киши бар.

"АрселорМиттал Темиртау" ишканасынын жетекчилиги шахтадагы өрт метан газы жарылгандан улам чыгышы ыктымал экенин билдирүүдө.

Казакстандын президенди Касым-Жомарт Токаев окуядан кийин өкмөткө "АрселорМитталТемиртау" компаниясы менен кызматташууну токтотууну тапшырды.

Бул тууралуу Ак Ордо маалымдады.

Казак өкмөтү аталган ишкананын өлкөдөгү кен тармагында келечеги жок экенин айткан. Бирок мындай билдирүүлөрдүн соңунда компаниянын ишмердүүлүгүнө каршы так аракеттер болгон эмес.

"АрселорМиттал Темиртау" компаниясы Караганды көмүр бассейниндеги бир катар кендерге ээлик кылат. Андан тышкары Темиртаудагы металлургиялык комбинат жана шаардагы инфратүзүм объекттери да "АрселорМиттал Темиртау" ишканасына таандык. Компанияны британиялык миллиардер, теги индиялык Лакшми Миттал көзөмөлдөйт.

Быйыл августта "Казакстан" компаниясынын шахтасында чыккан өрттөн беш киши каза таап, 16 адам жараат алган.

Расмий маалыматтар боюнча, 15 жыл аралыгында "АрселорМиттал Темиртау" компаниясынын кендеринде 100дөн ашык адам өлгөн. Бийлик буга компаниянын ээсин күнөөлөп, ишкана өндүрүштү жаңылоо жана инвестиция боюнча милдеттерин аткарбай жатканын билдирип, коопсуздук талаптары сакталбаганы үчүн сындаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG