Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Бишкектеги муниципалдык эко-таксиде автоунаа көбөйөт


Бишкектеги эко-такси.
Бишкектеги эко-такси.

Борбор калаада муниципалдык такси паркын ишке киргизген Evion компаниясы менен Кытайдын электромобиль тетиктерин чыгаруучу Rizhao Xingxian Trading Co., Ltd ишканасынын өкүлдөрү бүгүн, 27-октябрда Бишкек шаарын өнүктүү жана инвестиция тартуу агенттигинде жолугушту. Анда учурунда эко-такси паркындагы электромобилдердин санын көбөйтүү тууралуу сөз болду.

Бишкек шаарын өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин жетекчиси Курманбек Молдокуловдун "Азаттыкка" билдиргенине караганда, жыл аягына чейин паркка дагы 120 электромобил кошулат:

"Биздин жергиликтүү ишкана менен Кытайдын компаниясы инвестициялык долбоор сунуштап келишкен. Evion компаниясы муниципалдык эко-такси паркын түзүп, учурда 20 унааны иштетип жатышат. Жыл аягына чейин дагы 120 унаа кошулары айтылды. Жакынкы болочокто баасы арзан эко-таксилердин санын 5 миңге жеткирүү максаты коюлган".

Бишкек шаар мэриясы Evion компаниясы менен бирге калаада муниципалдык эко-такси кызматын 1-октябрдан тарта ишке киргизген. Азырынча такси бир гана багытта: Киев-Абдырахманов көчөлөрүнүн кесилишинен 12-кичи районго чейин каттайт. Эко-таксилер күн сайын элдин каттамы күчөгөн учурда - саат 07:00 - 10:00 жана 17:00 - 20:00 аралыгында гана жүрөт. Анда жүрүү акысы бир киши үчүн 50 сом.

Эко-такси - ишкерлер менен шаар бийликтин кызматташуусунда ишке ашып жаткан пилоттук долбоор.

Бишкекте коомдук транспорт маселеси - курч социалдык көйгөйлөрдүн бири. Автобус жана троллейбус жетишсиз болгондуктан, жүргүнчүлөрдү негизинен жеке ишканаларга таандык маршруттук кичи автобустар тейлейт. Алар экологияны бузуп, жол коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканы, шаарда муниципалдык автобустар көбүрөөк болушу керектиги көптөн бери айтылып келет.

Өкмөт Бишкекти Кытайда жасалган 1000 жаңы автобус менен камсыздоону, алардын жарымын жыл аягына чейин алып келүүнү көздөөдө. Азыркы тапта жаңы автобустардын 112си келип, иштеп жатат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG