Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

Опера ырчысы Сталбек Алмасбеков эскерилди


Сталбек Алмасбеков.
Сталбек Алмасбеков.

26-октябрда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында көрүнүктүү опера ырчысы, Кыргыз Республикасынын эл артисти Сталбек Алмасбековдун 70 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өттү.

Маркум ырчынын жаркын элесине арналган кечеге Кыргызстандан сырткары коңшу Казакстандагы сахналаштары да катышты. Күйөрмандар үчүн дүйнөлүк жана улуттук вокалдан классикалык чыгармалар жаңырды.

Көрүнүктүү тенор 1953-жылы Нарын облусунун Жумгал районундагы Көк-Ой айылында туулган. 1979-1983-жылдары Курмангазы атындагы Алматы мамлекеттик консерваториясында музыкалык билим алган. Окуу жайды аяктагандан баштап өмүрүнүн соңуна чейин Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрында солист болуп иштеген.

Түрк тилдүү элдердин опера сүйүүчүлөрүнө кеңири белгилүү болгон Сталбек Алмасбеков көптөгөн эл аралык опера фестивалдарына катышкан. Театр сахналарында ал “Манас”, “Айчүрөк”, “Токтогул” баш болгон улуттук операларда, “Кармен”, “Отелло”, “Аида”, “Чио-Чио-Сан” баштаган дүйнөлүк опералык чыгармаларда башкы каармандардын партиясын аткарган.

Алмасбековдун демилгеси менен Кыргыз опера жана балет театрында 2002-жылы “Дебют” жаш ырчылардын чыгармачылык лабораториясы түзүлүп, бир катар жаш ырчылар даярдалган.

Эл артисти 2023-жылs 5-апрелде оорунун айынан көз жумуп, сөөгү Бишкектеги “Ала Арча” көрүстөнүнө коюлган. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG