Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:43

Кесиптик кошуундар федерациясынын мүлкү: 27 кылмыш иши тергелип жатат


Кесиптик кошуундар бирлигинин имараты, Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Кесиптик кошуундар бирлигинин имараты, Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин 26-октябрдагы жыйынында Кесиптик кошуундар федерациясынын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын маалыматын укту. Анда башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева аталган мекеменин Бишкек, Ош шаарларындагы, Ош, Жалал-Абад, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы мүлктөрүнө байланыштуу жалпысынан 34 кылмыш иши козголгонун, учурда анын 27си тергелип жатканын билдирди.

"Козголгон 34 кылмыш ишинин төртөө өндүрүштөн кыскартылып, бир кылмыш иши убактылуу өндүрүштөн токтотулган жана эки кылмыш иши соттун кароосуна жиберилген. Калган 27 кылмыш ишине байланыштуу тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат".

Депутаттык комиссиянын төрагасы Шайлообек Атазовдун ырасташынча, өлкөнүн эгемен тарыхында Кесиптик кошуундарга таандык 300дөй мүлктүн теңинен көбү менчиктештирилип кеткен. Учурда 134 объект кана калган.

Өткөн айда президент Садыр Жапаров Кесиптик кошуундар федерациясынын ишин кескин сынга алып, Башкы прокуратура менен Эсеп палатасына мыйзамсыз сатылган объектилер менен жер тилкелерин ирээтке келтирүүнү тапшырган. Мекеменин жетекчилиги анда айрым дооматтарды четке каккан.

Кыргызстандын кесиптик кошуундар уюму 1922-жылы түптөлгөн. Мамлекеттик мекеме-уюмдарда иштегендердин эмгек укуктарын коргоо үчүн деп түзүлгөн, көптөгөн мүлккө ээ болгон бул уюмдун баштапкы жана тармактык бирикмелери Советтер Союзу маалында активдүү иштеп турган. Ар бир жумушчунун эмгек акысынан профсоюздук эсепке милдеттүү түрдө мүчөлүк акы төлөнүп келчү. Өлкө эгемендик алып, рынок мамилесине өтүп, жеке ишканалар пайда болгондон кийин анын таасири азайган.

Соңку бир нече жылдан бери Кесиптик кошуундар федерациясында ички тиреш басылбай, түрдүү нааразылык акциялары уюштурулуп келген. 2020-жылы федерация мүчөлөрү эки башка жыйын өткөрүп, эки жетекчи шайлашкан. Жалпысынан өлкөдө 26 тармактык жана облустук профсоюз бар экени айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG