Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары жыйынга чогулду


ШКУга мүчө мамлекеттердин желектери.
ШКУга мүчө мамлекеттердин желектери.

Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында 26-октябрда Шанхай Кызматташтык Уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны башталды.

Ага Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Ирандын вице-президенти Мохаммад Мохбер, Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов, Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян, Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода, Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов, Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Хожамырат Гелдимырадов, Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар жана Пакистандын тышкы иштер министри Жалил Аббас Жилани катышууда.

ШКУну 2001-жылы Кытай, Орусия, Тажикстан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан терроризм, экстремизм, сепаратизм, наркотрафик менен күрөшүүчү уюм катары негиздеген.

2017-жылды Индия менен Пакистан уюмга толук кандуу мүчө катары кошулган. Иранды кошуп эсептегенде азыр ШКУга кирген мамлекеттердин саны тогузга жетти. Андан тышкары үч өлкө – Ооганстан, Беларус жана Монголия байкоочу макамына ээ.

Бишкекте ушул эле күнү Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана Евразия экономикалык биримдигинин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны да өтөт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG