Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:55

Кемпир-Абад иши: Вашингтондо активисттер камактагыларды бошотууну талап кылды


Кыргызстандын Вашингтондогу элчилигинин алдына чыккан активисттер. 25-октябрь, 2023-жыл.
Кыргызстандын Вашингтондогу элчилигинин алдына чыккан активисттер. 25-октябрь, 2023-жыл.

25-октябрда АКШдагы активисттер Кыргызстандын Вашингтондогу элчилигинин алдына топтолуп, Кемпир-Абад иши менен камалгандарды эркиндикке чыгарууну талап кылган акция өткөрүштү.

Чогулгандар “Кемпирабадчыларга боштондук!”, “Сөз эркиндиги үчүн!”, “Көз карандысыз сот үчүн!”, “Тынч чогулуштарга тыюу салууга каршыбыз!” деген жазууларды көтөрүп турушту. Алар ошондой эле кыргыз бийлигинен эркин маалымат каражаттарына басымды, журналисттерди куугунтуктоону токтотууну, митингдерге чектөөлөрдү жоюуну талап кылышты.

Активисттердин бири Айдар Раев акцияга ондон ашуун киши катышканын “Азаттыкка” билдирди.

Алар акциянын соңунда кыргыз бийлигине жазган кайрылуусун Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Аманбаевге тапшырганы элчиликке киришкен. Активисттер элчи менен жолугушууда ортодо пикир келишпестик жаралып, кайым айтышууга жеткени тууралу видеолорду жарыялашты.

Кыргызстандын Вашингтондогу элчилиги окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.

20-сентябрда АКШдагы активисттер ушундай эле талаптар менен Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйыны өтүп жатканда акция уюштурган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан отузга жакын саясатчы, активист былтыр октябрда өткөн жолугушуусунан кийин кармалып, тергөө абагына камалган, кийин алардын айрымдары үй камагына чыккан. 11 киши азыр абакта отурат.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракеттенүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козгогон кылмыш иши Биринчи Май райондук сотунда жабык каралууда.

Камактагылар бийликти сындаганы үчүн куугунтукка кабылганын айтып келишет.

Кыргызстанда дээрлик эки жылдан бери митинг-пикеттерге тыюу салынып келе жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG