Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:30

Салык кызматы: чек лотереясына 300 миңден ашык адам катышып жатат


Быйылкы чек лотереясынын биринчи айлампасы 26-июндан 1-июлга чейин өткөн.
Быйылкы чек лотереясынын биринчи айлампасы 26-июндан 1-июлга чейин өткөн.

Салык кызматы "Чек талап кылып, байге утуп ал!" лотереясына катышып жаткан жарандардын саны 300 миңден ашканын билдирди. Анда жалпысынан баасы 9,1 миллиард сомдон ашык кассалык чек сканерден өткөрүлгөнүн, 8,1 миллион ID-номер ыйгарылганын, алардын ар бири лотереяга катышып жатканын кабарлады.

Быйылкы чек лотереясынын биринчи айлампасы 26-июндан 1-июлга чейин өткөн. 1200гө чукул байге ойнотулган жана анын ичинде 10 электромобиль, Дубайга эки кишилик үч жолдомо болгон.

Кардарларды көзөмөл-кассалык машинанын (ККМ) чегин талап кылууга үндөгөн лотерея алгачкы жолу былтыр уюштурулган. 1-апрелден тартып 31-декабрга чейин үч жолу ойнотулуп, ага 19 миллионго жакын билет катышкан. Байге фонду 65 миллион сомдук лотереянын жеңүүчүлөрүнө машина, тиричилик техникасы өңдүү баалуу белектер тапшырылган.

Быйылкы жылы республикалык бюджеттен 438 миллион сом бөлүнөрү айтылган. Жеңүүчүлөргө өкмөт 10 батир, 20 автомашина, Дубайга эки кишилик алты жолдомо, 1000 iPhone 14, 40 Dyson стайлерин, 300 ноутбук жана 1000 Xiaomi 11T смартфонун убада кылган.

Салык кызматынын чек лотереясы аймактар арасында алгачкылардан болуп Жалал-Абад шаарында өзүнчө уюштурулган. Аны өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен бир миллион сом бөлүнгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG