Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Молдова орус телеканалдарынын 22 интернет-сайтын бөгөттөйт


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Молдованын Маалымат жана коопсуздук кызматы орусиялык жалпыга маалымдоо каражатынын 22 интернет-сайтын бөгөттөйт. Бул тууралуу молдовалык NewsMaker агенттиги жазды.

"Кара тизмеге" киргендердин катарында RT, "Звезда", "Царьград", НТВ, ВГТРК, Рен-ТВ, "Мир", РТР-Планета, "Вести" жана "Спас-ТВ" бар.

Молдовалык мекеме чечимин ошол ресурстар «согушка кириптер болгон жана агрессор деп таанылган мамлекеттин расмий органдарынын» маалыматын таратууда деп түшүндүрдү.

Москва азырынча Кишиневдун демилгесин комментарийлеген жок.

Буга чейин сентябрдын ортосунда Молдованын баш калаасында Кремлге баш ийген "Sputnik Молдова" басылмасынын жетекчиси Виталий Денисов кармалганы кабарланган. Ал депортацияланып, ага 10 жыл өлкөгө кирүүгө тыюу салынган.

Кийин The Insider басылмасы Денисов орус атайын кызматынын чет мамлекеттерде дезинформацияны жайылтуу менен алектенген бөлүмүнүн офицери экенин таап чыккан.

Орусия Украинага басып киргенден кийин Кишинев "Sputnik Молдова" сайтын бөгөттөп койгон. Быйыл мартта Москванын Sputnik маалымат агенттигинин дагы беш сайтына кирүү чектелген. Орусиянын Молдовадагы өкүлчүлүгү бул кадамды айыптап, аны саясий чечим деп атаган.

Июлда бир нече басылма Орусиянын Кишиневдогу элчилигинде иштеген атайын кызматтын өкүлдөрү тууралуу иликтөө жарыялаганда Молдова 45 дипломатты өлкөдөн чыгарып салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG