Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:26

Жалал-Абад шаардык мэриясынын чек лотереясын уткандар аныкталды


Кардарларды чек талап кылууга үндөгөн лотерея алгачкы жолу былтыр уюштурулган
Кардарларды чек талап кылууга үндөгөн лотерея алгачкы жолу былтыр уюштурулган

Мамлекеттик салык кызматынын чек лотереясы аймактар арасында алгачкылардан болуп Жалал-Абад шаарында өзүнчө уюштурулду. Аны өткөрүүгө жергиликтүү бюджеттен бир миллион сом бөлүнгөн.

Баш байгеге 100 миң сом акча коюлган жана аны шаардын Нураида Айтбаева аттуу тургуну жеңип алды. Мындан сырткары дагы 128 жаран 5 миң сомдон, 50 миң сомго чейинки байгелерге ээ болду.

Жеңүүчүлөрдү атайын түзүлгөн комиссия текшерип, анын жыйынтыгы менен сыйлыктардын сертификаттары тапшырылат.

"Чек талап кылып, байге утуп ал!" республикалык лотереясынын биринчи этабы 26-июндан 1-июлга чейин өткөн. Анда 1200гө чукул байге ойнотулган жана анын ичинде 10 электромобиль, Дубайга эки кишилик үч жолдомо болгон.

Кардарларды көзөмөл-кассалык машинанын (ККМ) чегин талап кылууга үндөгөн лотерея алгачкы жолу былтыр уюштурулган. 1-апрелден тартып 31-декабрга чейин үч жолу ойнотулуп, ага 19 миллионго жакын билет катышкан. Байге фонду 65 миллион сомдук лотереянын жеңүүчүлөрүнө машина, тиричилик техникасы өңдүү баалуу белектер тапшырылган.

Быйылкы жылы республикалык бюджеттен 438 миллион сом бөлүнөрү айтылган. Жеңүүчүлөргө өкмөт 10 батир, 20 автомашина, Дубайга эки кишилик алты жолдомо, 1000 iPhone 14 жана ошондой эле 40 Dyson стайлерин, 300 ноутбук жана 1000 Xiaomi 11T смартфонун убада кылган. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG