Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:48

Францияда чечен, ингуш тектүү өспүрүмдөр теракт пландоого шек саналып кармалды


Француз полициясы. Иллюстрациялык сүрөт
Француз полициясы. Иллюстрациялык сүрөт

Францияда Израилдин Бельгиядагы элчилигине кол салууну пландаган деген шек менен 15-16 жаштагы төрт өспүрүм кармалды. Алардын үчөө ингушетиялык жана чеченстандыктар. Бул тууралуу франциялык Le Parisien басылмасы жазды. Журналисттердин маалыматына караганда, ага чейин полицияга Тур шаарындагы коллеждин директору арызданган. Ал чеченстандык эки бала паркта жардыргыч заттарды сынап, ашынган ураандарды чакырып, башка окуучулар менен мугалимдердин жүрөк үшүн алганын айткан.

Алар Сирияга барып, жихадчылардын тарабында согушууга үндөшкөн. Мындай маалыматтардан кийин полиция алардын үйлөрүн тинтип, Израилдин элчилигине кол салуу планы талкууланган кат алышууну тапкан. Андан кийин Түндүк Кавказга качып кетүүнү көздөшкөн, аларга Нант шаарында жашаган ингушетиялык өспүрүм жардам бермек.

Ушу тапта шектүүлөр кармалып, аларга айып тагылды. Францияда ушул айда терроризмге байланыштуу түндүк кавказдыктар айыпталган эки окуя болгон.

13-октябрда ингушетиялык Мохаммед Могушков Аррас шаарында мугалимге бычак сайып өлтүргөн, дагы бирөөну жарадар кылган. Француз бийлиги аны кылмышка Израилдин ХАМАСка каршы согушу түрткөн деп болжолдойт.

Кийин Страсбургдагы синагоганын жанында бычак көтөрүп бараткан чечен тектүү бала кармалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG