Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

ЕБ-Борбор Азия: Кыргыз-тажик чек арасын тактоодогу жылышты кубаттайбыз


Евробиримдиктин жана Борбор Азия мамлекекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны, Люксембург, 23-октябрь, 2023-жыл.
Евробиримдиктин жана Борбор Азия мамлекекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйыны, Люксембург, 23-октябрь, 2023-жыл.

23-октябрда Люксембург шаарында Евробиримдиктин жана Борбор Азия мамлекекеттеринин тышкы иштер министрлеринин 19-жыйыны өттү. Анын соңунда таратылган биргелешкен билдирүүдө айтылгандай, Евробиримдиктин өкүлдөрү Орусияга салынган санкцияларды айланып өтүүгө жол бербөө маанилүү экенин белгилешти. Жыйындын катышуучулары бул багытта кызматташууну улантууну макулдашты.

Андан тышкары мыйзам үстөмдүгү, демократия, гендердик теңчилик, адам укуктары, маалымат каражаттарынын эркиндигин камсыздоодо прогресстин маанилүүлүгүн белгилешти. Ошондой эле эркин шайлоо, аялдардын укугу, дин эркиндиги, азчылык өкүлдөрүнүн укуктарын сактоо кепилдиктерин талкуулашты.

Билдирүүдө жыйынга катышкандар Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы чек араны делимитация жана демаркациялоо маселесиндеги жылыштарды кубатташканы жазылган.

Андан тышкары Борбор Азиядагы климат, суу-энергетика жана экология маселелерин чечүүдө чөлкөмдөгү мамлекеттер аралык байланыштарды бекемдөө зарылдыгы белгиленген.

Ошондой эле Ооганстандагы адам укуктарынын абалы, гуманитардык жана экономикалык кризис боюнча терең тынчсыздануу бардыгы айтылды. Жыйында Ооганстанда тынчтык орнотуу үчүн ооган жарандарынын, өзгөчө аялдардын жана кыздардын, улуттук азчылыктардын укуктарын сактоого үндөштү. Ооганстандагы кыз-келиндерге билим алууга уруксат берүүгө жана өлкөдөгү азчылыктардын өкүлдөрү аралашкан инклюзивдүү өкмөт түзүүгө чакырышты.

Борбор Азиянын беш өлкөсүнүн президенттеринин жана Еврошаркеттин лидерлеринин катышкан Евробиримдик-Борбор Азия саммитти 2024-жылдын экинчи жарымында Өзбекстанда өтө турган болду.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Люксембургда алгачкы жолу 5+27 форматында өтүп жаткан форумга катышты. Өлкөнүн башкы дипломаты Люксембургдун, Австриянын, Финляндиянын, Даниянын тышкы иштер министрлери, Еврокомиссиянын эл аралык кызматташтык мекемесинин башчысы менен жолугарын расмий Бишкек билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG