Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:47

Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы Имран Ханга дагы бир айып тагылды


Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы Имран Хан.
Пакистандын мурдагы өкмөт башчысы Имран Хан.

Пакистандын Равалпинди шаардык соту 23-октябрда мурдагы өкмөт башчы Имран Ханга жана экс-тышкы иштер министри Шах Махмуд Курешиге жашыруун документтердин ачыкка чыгып кетиши боюнча айып такты.

“Техрик-е-Инсаф” партиясынын лидери Хан жана анын орун басары Куреши экөө тең айыпты моюнга алуудан баш тартышты.

Былтыр апрель айында кызматтан кеткенине байланыштуу маалымат жыйында Хан жашыруун дипломатиялык документти көрсөткөн. Колундагы документ анын кызматтан алынышына "АКШнын катышы бар экенинин далили" деп айткан. Документ ачык жарыяланган эмес. Бирок ал Исламабаддын Вашингтондогу элчилиги менен Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы дипломатиялык телеграмма деген маалыматтар бар.

Хан жана Куреши экөө тең камакта.

Мурдагы крикет жылдызы, 71 жаштагы Ханды Пакистанда колдогондор дагы эле көп. Ал быйыл августта кызматта отурганда келген белектерди сатып жиберген деген кине менен үч жылга камалган. Аппеляциялык сот өкүмдү жокко чыгарган, бирок кийин Хан документ иштерине байланыштуу кайра камалган.

Бул иш боюнча сот 27-октябрда өтөрү күтүлүүдө. Адвокаттардын айтымында, эгер күнөөлүү деп табылса, мурдагы министрлер 14 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG