Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:11

Армениянын жана Азербайжандын  башкы дипломаттары Тегеранда жолугат


Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян
Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян

23-октябрда Ирандын, Орусиянын, Армениянын, Түркиянын жана Азербайжандын тышкы иштер министрлери Тегеранда жолугуп, аймактык маселелерди, анын ичинде Тоолуу Карабактан кийинки Баку менен Еревандын талашын чечүүнүн жолдорун талкуулайт.

Армениянын тышкы иштер министрлиги өлкөнүн башкы дипломаты Арарат Мирзоян Тегерандагы жолугушууга катышарын ырастады.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров дүйшөмбүдө Иранга барарын мекеменин басма сөз катчысы Мария Захарованын айтканына таянып, орус медиасы жазды.

3+3 форматына кирген Грузия Ирандагы жыйынга баруудан баш тартып, Кавказдагы үч өлкө Анкаранын, Москванын, Тегерандын катышуусуз чогулса туура болорун билдирди.

Мындай форматта аймактык жолугушуу өткөрүүнү 2020-жылы Түркия жарыялаган. Экинчи Карабак согушунан кийин Анкара Түштүк Кавказдагы үч өлкөгө (Азербайжан, Армения, Грузия) тиешеси бар аймактык көйгөйлөрдү алардын үч чоң коңшусу – Түркия, Орусия, Иран менен бирге талкуулоону сунуш кылган.

2021-жылы декабрда Армениянын, Азербайжандын, Орусянын, Түркиянын, жана Ирандын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары 3+3 платформасынын алкагында жолуккан. Грузиянын өкүлү Москвага барган эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG