Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:59

Казакстанда алты жылга соттолгон Назарбаевдин кудасы абактан чыкты


Кайрат Боранбаев сотто. Астана шаары. 31-март, 2023-жыл.
Кайрат Боранбаев сотто. Астана шаары. 31-март, 2023-жыл.

Казакстандын Акмоло облустук соту ишкер Кайрат Боранбаевдин алты жылдык жаза мөөнөтүн эркиндигин чектеген өкүм менен алмаштырды. Ага ылайык, Кайрат Боранбаев пробациялык көзөмөл алдында болот.

Облустук соттун маалымдашынча, өкүмдү алмаштырууда бир нече фактор эске алынган. Анын ичинде Боранбаев берилген жаза мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгүн өтөп койгону (Казакстандын мыйзамдарында абакта өткөн ар бир күн 1,5 күн деп эсептелет), мамлекетке келтирилген зыянды калыбына келтиргени, кылганына өкүнгөнү жана камакта отурганда оң мүнөздөмө алганы жазылган.

2023-жылы сентябрда Астананын апелляциялык соту ишкерди мүлкүн конфискациялоо менен жалпы режимдеги абакка алты жылга кескен. Биринчи инстанциядагы сот аны сегиз жылга эркинен ажыраткан болчу. Кайрат Боранбаев ири өлчөмдөгү мүлктү менчиктөөгө, кылмыштуу жол менен алынган акчаны адалдоого айыпталган.

Акыркы жумаларда Боранбаев мамлекетке ири өлчөмдө активдерди өткөрүп бергени кабарланган. Алардын ичинде Астанадагы мейманкана комплекси, фитнес борборлор, мунай өндүрүүчү ишкана, Казакстандын батышындагы мунай кени бар. Ошондой эле ишкер "өлкөнүн билим берүү инфратүзүмүн колдоо үчүн мамлекеттик фондго 30 миллиард теңге өткөрүп бергени" маалымдалды.

Казакстандык бизнесмен Кайрат Боранбаев мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаеванын кудасы. Боранбаевдин кызы Алима 2013-жылы мурдагы президенттин небереси Айсултан Назарбаевге турмушка чыккан. Айсултан 2020-жылы Лондондо каза болгон жана британ басылмалары ал кокаинге ууланганын кабарлашкан.

Кандуу Январь окуяларынан мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин жакындары өлкөдөгү таасирин жоготуп, айрымдары камакка алынган. Алардын бири Кайрат Боранбаев былтыр мартта QazaqGaz ишканасын сатууда 14,6 миллиард теңгени "кымырып алган" деген шек менен кармалган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG