Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:25

Сириядан дагы 21 аял, 62 бала Кыргызстанга кайтарылды


Сириядан кайтарылган аялдар жана балдар. Бишкек, Кыргызстан. 30-август, 2023-жыл. (Сүрөт ТИМге таандык)
Сириядан кайтарылган аялдар жана балдар. Бишкек, Кыргызстан. 30-август, 2023-жыл. (Сүрөт ТИМге таандык)

"Айкөл-3" гуманитардык миссиясынын алкагында 22-октябрда Сириядан Кыргызстанга дагы 21 аял жана 62 бала алып келинди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) маалымдады.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта кыргыз тарап АКШнын өкмөтүнө бул репатриация иш-чарасын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн ар тараптуу жардам жана материалдык-техникалык колдоо көрсөткөнү үчүн, ошондой эле, БУУнун Балдар Фондуна (ЮНИСЕФ) жана Эл аралык Кызыл Чырым комитетине ыраазычылык билдирген.

ТИМ Кыргызстандан барган делегация Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерде башкалкалап жаткандарга дары-дармек, гуманитардык жардам жеткиргенин кошумчалады.

"Айкөл" миссиясынын алкагында 30-августта Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерден 31 аял, 64 жашы жете элек балдар мекенине жеткирилиген. Ага чейин жыл башында ушул эле миссия менен 18 аял жана 41 бала келген.

УКМК 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. Террордук уюмдарга кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Буга чейин Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Ирактын жана Сириянын түрмөлөрүндө отурган кыргызстандык 200дөй аялдын жана 400дөй баланын тизмеси аныкталганын билдирген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG