Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:45

Текстил жана тигүү өндүрүшүнүн көлөмү 11 млрд сомдон ашты


Тигүү цехи. Бишкек. Август, 2023-жыл
Тигүү цехи. Бишкек. Август, 2023-жыл

Кыргызстандагы кездеме токуу жана тигүү өнөр жайындагы өндүрүштүн көлөмү 2023-жылдын январь-сентябрь айларында 11 млрд 070 млн 104 400 сомду түздү. Бул былтыркы тогуз айдын көрсөткүчүнө - 6 млрд 281 млн 976 800 сомго караганда дээрлик эки эсе көп.

Улуттук статистика комитетинин сайтындагы маалыматка ылайык, мунун 8 млрд 849 млн 156 300 сому тигүү өнөр жайына таандык. Аталган тармактагы өндүрүш быйыл эки эсе көбөйгөн. Былтыркы тогуз айда көлөм 4 млрд 457,5 млн сом деп эсептелген.

Кыргызстандын экономикасын түзгөн беш тармактын (металлургия, азык-түлүк өндүрүү, энергетика, курулуш материалдарын өндүрүү жана жеңил өнөр жай) ичинен жеңил өнөр жай тармагынын үлүшү 2,3% болгону менен, өндүрүлгөн товардын дээрлик 100% экспортко кетет.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнү Кыргызстанда тигүү тармагында 300 миңден ашуун киши иштейт.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG