Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:49

Орусия Европа кеңешинин улуттук азчылыктардын укуктарын коргоо конвенциясынан чыкты


Европа кеңешинин имараты. Страсбург шаары
Европа кеңешинин имараты. Страсбург шаары

Орусиянын президенти Европа кеңешинин улуттук азчылыктардын укуктарын коргоо жөнүндөгү конвенциясын денонсациялоо тууралуу буйрукка кол койду. 29-сентябрда Владимир Путин демилге көтөргөндө Орусияга конвенциянын алкагында дискримнациялык мамиле жасаларын айткан.

10-октябрда орус парламентинин төмөнкү палатасы - Мамлекеттик дума документти денонсация кылган. Ошондо Европа кеңешинин Министрлер комитети былтыр сентябрда Консультативдик комитеттеги орусиялык эксперттин ыйгарымдарын кыйла чектегени айтылган.

Андан тышкары Украинадагы согуштун фонунда Москва эл аралык деңгээлде этностук азчылыктардын, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү орус тилдүү кишилердин укуктарын бузуу учурларына байкоо салуу укугунан ажыраган.

Орусия улуттук азчылыктардын укуктарын коргоо, алардын маданиятын, динин жана үрп-адаттарын сактап калуу, өз тилин эркин сүйлөө укугун камсыздоо каралган эл аралык конвенцияга 1996-жылы кошулган.

Былтыр 16-мартта Европа кеңеши 26 жыл мүчө болгон Орусияны өз катарынан чыгарып салган.

Үстүбүздөгү жылдын февралында Мамлекеттик дума Европа кеңешинин Орусияга тиешелүү 21 келишимди, анын ичинде адам укуктары конвенциясын токтотуп койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG