Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Жапаров Кумтөрдүн улутташтырылышы менен өлкөдө саясий коррупцияны жоюу башталганын билдирди


Президент Садыр Жапаров "Кумтөр голд компанинин" 30 жылдыгында.
Президент Садыр Жапаров "Кумтөр голд компанинин" 30 жылдыгында.

Кумтөрдүн улутташтырылышы менен өлкөдө саясий коррупцияны жоюу башталды. Бул тууралуу бүгүн 19-октябрда Бишкекте «Кумтөр голд компани» ишканасынын 30 жылдыгына арналган иш-чарада президент Садыр Жапаров билдирди:

“Мурда саналуу чиновниктер өздөрүнүн тар кызыкчылыгы үчүн Кумтөрдүн жетекчилигин канатына калкалап, натыйжада коррупциялык система түзүлүп калган эле. Кыргызстандын түбүнө жеткени калган ал системага бийликтин бутактары, өкмөттүк структуралар да аралашып алган болчу. Азыр анын баары жоюлуп, Кыргызстан оңолуунун жана коррупциядан арылуунун жолунда”.

Мамлекет башчысы Кумтөр алтын кени азыр элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканын, аны Кыргызстан өз алдынча иштете албайт дегендерге татыктуу жооп берилгенин кошумчалап, өлкөдөгү бардык кендер элдин кызыкчылыгына иштетилерин, буга байланыштуу укуктук-ченемдик актылар кабыл алынганын, Кумтөр маселесинин тынч чечилиши инвестициялык климатка жагымдуу таасир эткенин белгиледи.

Жапаров Кумтөрдө көмүлгөн калдык кайра иштетилерин, 2026-жылдан тартып андан алтын ылгап алуу башталарын, ал жерде 100 тонна алтын жатканын, калдыктан алтын ылгап алуу долбоору даяр экенин да айтты.

Бүгүнкү жыйында юстиция министри Аяз Баетов Кумтөрдү элге кайтарууга кошкон салымы үчүн деген негизде үчүнчү даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. Кыргызстан менен “Центерра Голд” доо арыздардан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен.

Башкы прокуратура Кумтөр Кыргызстанга өткөндөн берки ишмердүүлүккө байланыштуу төрт кылмыш иши тергелип жатканын маалымдаган.

Быйыл жыл башынан бери Кумтөр алтын кенинде 14 тонна алтын казылып алынганын 17-октябрда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинде "Кумтөр голд компани" ишканасынын президенти Алмаз Барыктабасов билдирген. Анын айтуусунда былтыркы жылы 986 млн доллар жалпы киреше алынган, анын 371 млн доллары таза киреше болгон. (EBM)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG