Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:16

Грузия парламенти президентке импичмент жарыялай албай калды


Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили.
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили.

Грузиянын парламенти президент Саломе Зурабишвилини кызматтан кетире албай калды. Импичмент үчүн 86 депутат добуш берди. Ал эми президентти кызматтан кетирүү үчүн 100 добуш керек эле. Бийликтеги «Грузин кыялы» менен «Элдин күчү» партияларынан турган коалициялык көпчүлүк 85 гана депутаттан турат. Буга чейин оппозициядагы дээрлик баардык депутаттар импичментти колдобой турганын билдиришкен.

16-октябрда Грузиянын Конституциялык соту "президент Европага өкмөттүн уруксаты жок баруу менен Баш мыйзамды бузган" деп тапты.

Башкаруудагы “Грузин кыялы” партиясынын депутаттары ошол сапарлар үчүн президентке импичмент жарыялоо жараянын баштаганы 1-сентябрда маалым болгон. 80 мыйзам чыгаруучунун тиешелүү арызы сотко 14-сентябрда берилген.

Буга байланыштуу жасаган билдирүүсүндө Зурабишвили кызматтан кетпей турганын айтып, "бүгүн өлкөнүн Европадагы келечеги жана демократия бир таш менен өлтүрүлдү. Бийлик бутактарынын ортосунда баланс болбогон өлкө демократиялуу деп саналбайт" деген.

Өлкө Конституциясы мамлекет башчыга өкмөттүн уруксатысыз тышкы саясатка аралашууга тыюу салат. Зурабишвилинин өкүлдөрү чет өлкөлөрдүн лидерлери менен кездешүүлөр, телефон чалуулар, каттар тышкы саясатты өзгөртүүгө алып келбесе, андайга жол берилет деген аргументин келтиришти.

Оппозиция өкүлдөрү "Грузин кыялы" партиясы президентке импичмент жарыялоо менен жыл соңунда өлкөнүн Евробиримдикке мүчө болууга талапкер макамын алуу жараянын жокко чыгарууну көздөшөрүн айтышкан.

Грузия Евробиримдикке мүчө болуп кирүү арызын былтыр тапшырган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG