Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:02

Түркия барымтадагыларды бошотуу үчүн ХАМАС менен сүйлөшүү жүргүзүүдө


Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан.
Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан.

Рейтер агеттиги кабарлагандай, Түркия Батыш өлкөлөрүндө террордук кыймыл катары таанылган ХАМАСтын өкүлдөрү менен барымтадагы чет өлкөлүктөрдү, карапайым тургундарды жана балдарды бошотуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө.

Бул тууралуу 17-октябрда Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан билдирди.

Анын айтымында, Анкарага "бир катар мамлекеттер кайрылып", ХАМАСтын туткунунда калган өз жарандарын бошотууга көмөктөшүүнү суранган.

Буга чейин куралдуу топтун жетекчилиги барымтадагы чет өлкөлүктөр жөн гана "конок" экенин, жана "ыңгайы келгенде" бошотуларын билдирген.

Хакан Фидан 21-октябрда Египетте Газа тилкесиндеги согушту талкуулаган жыйын өтөрүн кошумчалады.

ХАМАС Израилге 7-октябрда кол салып, 1400дөй карапайым тургундун өмүрү кыйылган. Миңдеген адамдар жараат алды.

Экстремисттик топ канча адамды барымтага алганы белгисиз. ХАМАСтын жетекчилиги 200дөй киши туткунда экенин билдирсе, Израил бийлиги 150дөн ашуун экенин айтууда. Алардын канчасы чет өлкөлүктөр экени тууралуу так маалымат жок.

Кол салуудан кийин Израил армиясы - ЦАХАЛ Газа тилкесине абадан сокку уруп жатат. Газанын Саламаттык сактоо министрлиги соккудан каза болгондордун саны 2800гө, жарадарлар 10 миңге чамалаганын кабарлады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG