Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:14

Кызылчага каршы эмделбеген балдар боюнча чектөө эскертүүсү берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда кызылча (корь) боюнча кырдаал оорлоп, бала бакчаларда жана мектептерде ооругандар көбөйө баштаганын бүгүн 17-октябрда Республикалык иммунопрофилактика борбору билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, окуу жылы башталгандан бери окуучулар жана бала бакча тарбиялануучулары арасында ооругандар көп каттала баштагандыктан эмделбеген балдардын башкалар менен аралашуусуна жол бербөө тууралуу эскертүүлөр берилди.

Жыл башынан бери 16-октябрга карата Кыргызстанда кызылча менен 2842 бейтап катталды (алардын 2628и балдар), бир ай мурда ооругандардын жалпы саны 2151 болчу.

Оору эң көп катталгандар Бишкекте, Ошто, Чүйдө, Жалал-Абадда.

Кызылча аба аркылуу жугуучу өтө жугуштуу жана оор илдет. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бул оорудан жыл сайын жүз миңдеген адам каза болуп жатканын, алардын көбү беш жашка чыга элек наристелер экенин айтып келет.

Кыргызстанда бул оорудан сактануу мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн бала тийиштүү вакцинаны бир жана алты жашка чыкканда калтырбай алышы шарт.

2017-жылдын декабрында кызылча оорусу Кыргызстанда көп каттала баштап, жылына эки-үч миңге чейин жетип жаткан. 2020-жылы катталбай калган. 2021-жылы үч, 2022-жылы бир бейтап катталган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG