Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

Жапаров Көлбаевдин өлтүрүлүшүнүн мыйзамдуулугун прокуратура текшерерин айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Камчы Көлбаевдин (Камчыбек Асанбек) өлтүрүлүшү боюнча операция мыйзамдуу болгонбу же жокпу, Аскер прокуратурасы териштирип чыгарын бүгүн 16-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде билдирди.

“Мен деле алгачкы маалыматты силер сыяктуу интернет булактарынан көрдүм. Дароо эле башкы прокурорго чалып: "Аскер прокуроруңду алып, өзүң барып, жеринен көрүп мага так маалымат берчи" деп жибердим. Ал барып, жеринен көрүп мага кайра чалды. "Атышуу болуп кетиптир, өлүм бар экен, жарадарлар бар экен" деп. Операция кандай болгон, мыйзамдуубу же мыйзамсызбы тез арада тергөө иши жүргүзүлсүн делип иш Аскер прокуратурасына берилди. Азыр тергөө жүрүп жатат. Жыйынтыгын күтөлү”, - деди Жапаров.

4-октябрда УКМК Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган.

9-октябрда УКМК Көлбаев менен байланышта болгон 40тан ашык адам кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 миллиард долларлык активдер камакка алынганын билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG