Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Сузакта 96 үй-бүлөгө социалдык шаарча курулду


Сузактагы социалдык шаарча
Сузактагы социалдык шаарча

Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Сай айылында "Үмүт" деп аталган социалдык шаарча пайдаланууга берилди. Долбоор облустук бийлик жана "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмесинин колдоосу менен ишке ашырылды.

Шаарча курууга 3 гектар жер аянты берилген. Анда турак жайлардан тышкары тигүү цехи, фельшердик-акушердик пункту (ФАП), азык-түлүк дүкөнү, мечит жана кичи футбол аянтчалары курулган.

Шаарчадагы 96 үй көп балалуу жалгыз бой энелерге, мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга, жашоо-шарты оор деп аныкталган үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлгөн.

Буга чейин Жалал-Абад шаарында бахрейндик демөөрчүлөр социалдык шаарча куруп, 24 үй-бүлөгө берилген.(TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG