Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:41

Жалал-Абад: окуучу экинчи кабаттан секирген окуянын чоо-жайы иликтенип жатат


Жалал-Абад шаары
Жалал-Абад шаары

Жалал-Абад шаардык милициясы билдиргендей, 10-октябрь күнү жергиликтүү тургун 11 жаштагы кызы мектептин экинчи кабатынан секирип кеткенин айтып кайрылган. Ал шаардагы №14 мектепте окуган кызы телефонун мугалим алып койгондуктан ушундай жолго барганын айткан. Натыйжада окуучу кыздын сол буту сынып, ооруканага жаткырылган.

Бул факты бирдиктүү реестрге катталды. Учурда териштирүү жүрүп жатат.

Облустук ооруканасынан кыздын буту сынып кеткендиктен, он күндөн кийин операция жасаларын билдиришти.

Мектеп жетекчилиги жана мугалимдер тараптан комментарий боло элек. (TB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG