Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:59

БУУ кыргыз бийлигин "Чет элдик өкүл" мыйзамын кабыл албоого чакырды


Бишкекте өткөн акциялардын биринен көрүнүш. 2022-жылдын 25-ноябры.
Бишкекте өткөн акциялардын биринен көрүнүш. 2022-жылдын 25-ноябры.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын өкүлү Равина Шамдасани Кыргыз Республикасынын бийлигин "чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзам долбоорун четке кагууга чакырды.

Билдирүү 13-октябрда Жогорку Комиссардын сайтында жарыяланды.

Анын айтымында, мыйзам кабыл алынса, ал коомдук уюмдардын ишине терс таасирин тийгизип, сөз эркиндигин жана адамдардын биригүү эркиндиктерин чектейт. Муну менен жарандардын фундаменталдык укуктарына коркунуч туудурат жана олуттуу тынчсызданууларды жаратат.

Билдирүүдө "чет элдик өкүл жөнүндө" мыйзам долбоору бейөкмөт уюмдардын ишине активдүү катышкандыгы же аларды колдогону үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралып, адам 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүндүгү белгиленген.

"Мындай аныктама так эмес жана ал мыйзамды субъективдүү чечмелөөгө мүмкүндүк берет. Бул норма адам укуктарын коргоочуларды тандалма түрдө соттоого алып келет", - деп айтылат билдирүүдө.

Равина Шамсадани сунушталып жаткан мыйзам долбоору Кыргызстандын Юстиция министрлигине коммерциялык эмес уюмдардын ишин капысынан текшерүүгө, алардын документтерин алып коюуга кеңири укуктарды берерин белгиледи.

Мыйзам долбоору "саясий ишмердүүлүк" деп аталган иш менен алектенгендер, ошондой эле, чет өлкөдөн каржыланган уюмдар "чет өлкөлүк өкүл" катары каттоодон өтүүнү талап кылат.

Бул талапты аткаруудан баш тартуу алардын ишин соттун чечимисиз эле алты айга токтотууга алып келиши мүмкүн.

"Биз Кыргызстандын парламентин мыйзам долбоорун четке кагууга чакырабыз", - деп жыйынтыктайт билдирүүсүн Бириккен Улуттар Уюму.

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин тармактык эки комитети жакында мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган . 17-октябрда Жогорку Кеңеште бул документ боюнча парламенттик угуу өтмөкчү.

Буга чейин бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу адам укуктарын, сөз эркиндигин чектерин, анын зыяны социалдык, экономикалык жаатта иш алып барып жаткан миңдеген мамлекеттик эмес уюмдардын ишине зыянын тийгизерин айтып, кайрылуу жасашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG