Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:47

Шавкат Мирзиёевге КМШнын Ардак белгиси ыйгарылды


Шавкат Мирзиёев менен Садыр Жапаров. 13-октябрь, 2023. Бишкек.
Шавкат Мирзиёев менен Садыр Жапаров. 13-октябрь, 2023. Бишкек.

Бүгүн, 13-октябрда Бишкекте өткөн КМШга мүчө мамлекеттердин саммитинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге уюмдун "Ардак" белгиси ыйгарылды.

Сыйлыкты тапшырып жатып президент Жапаров Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо ишинин толук аякташында Мирзиёевдин саясий эрки маанилүү роль ойногонун, ал Борбор Азия жана жалпы эле КМШ өлкөлөрүнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошконун белгиледи.

Мындан бир күн мурда, Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекет башчы Садыр Жапаровду “Ардак” ордени менен сыйлаган.

Президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев сыйлык Жапаровго эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого жана Евразия мейкиндигиндеги интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн берилгенин түшүндүргөн.

13-октябрда Бишкекте Кыргызстандын төрагалыгы астында КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити өтүп, анда жыйырма чакты документке кол коюлду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG