Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:46

Токаев Астана казак тилинин статусун бекемдөө саясатын уланта турганын айтты


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Бишкекте өткөн саммитинде. 13-октябрь, 2023-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Бишкекте өткөн саммитинде. 13-октябрь, 2023-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев "Казакстан казак тил макамын бекемдөө саясатын уланта берерин" билдирди.

Бул тууралуу ал Орус тили боюнча эл аралык уюм түзүү келишимине кол коюп жатканда айтты. Токаев жаңы уюм тууралуу келишимди "тарыхый" деп атады.

"Орус тилин КМШда жайылтуу боюнча чаралар, биздин өлкөлөрдүн улуттук ой жүгүртүүсүнө терс таасирин тийгизбейт", - деди ал.

Бир жыл мурда КМШ мамлекеттеринин лидерлеринин Санкт-Петербургда өткөн жыйынында Токаев шериктештик алкагында орус тилин колдоо жана өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм түзүүнү сунуштаган. Орусиянын президенти Владимир Путин бул сунушту жактырган.

13-октябрда Бишкекте өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн президенттеринин кезектеги саммитинде жыйырма чакты документ кабыл алынды.

Орус тили боюнча эл аралык уюм түзүү тууралуу келишим кабыл алынып, президенттердин орус тилинин улут аралык байланыш тили катары өнүгүшүн колдоо тууралуу билдирүүсү бекитилди.

Саммит «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында болуп, ага уюмга мүчө Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Беларустун президенттери катышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG