Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:22

Орусияда Навальныйдын үч адвокаты кармалганы кабарланды


Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный жана анын адвокаты Вадим Кобзев. 16-январь, 2015-жыл. Архивдеги сүрөт.
Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный жана анын адвокаты Вадим Кобзев. 16-январь, 2015-жыл. Архивдеги сүрөт.

Орусияда түрмөдө жаткан оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын үч адвокаты кармалганын Коруппцияга каршы күрөшүү фондунун башчысы Иван Жданов жана уюмдун юридикалык бөлүмүнүн башчысы Вячеслав Гимади билдиришти.

Алардын маалыматына караганда, адегенде коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү 13-октябрда Вадим Кобзев, Игорь Сергунин жана Алексей Липцердин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, андан соң кармап кетишкен.

Гимадинин айтымында, тинтүүлөр «экстремисттик уюмдун ишмердүүлүүгүнө катышуу» ишине байланыштуу жүргүзүлгөн.

Навальныйдын тарапташы Георгий Албуров "Бул тинтүүлөрдүн башкы максаты -Алексейди юридикалык жардамы жок жана тышкы дүйнө менен байланышы жок калтыруу»-деп жазды.

"Экстремисттик ишмердүүлүк жүргүзгөн уюмдун ишине аралашуу" беренеси менен адвокаттар 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Быйыл августта Москва шаардык соту Навальныйды "экстремисттик уюм түзүүгө, аны каржылоого" күнөөлүү деп таап, 19 жылга эркинен ажыраткан.

Навальный ага тагылган айыпты мойнуна алган эмес. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдары аны саясий туткун катары таанышкан.

47 жаштагы Навальный 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир нече кылмыш иши козголуп, соттолгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG