Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:33

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Карашев камалды


Замирбек Карашев. Мамлекеттик телеканалдарга интервью берип жаткан учуру. Архивдик сүрөт.
Замирбек Карашев. Мамлекеттик телеканалдарга интервью берип жаткан учуру. Архивдик сүрөт.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Замирбек Карашевдин бөгөт чарасын карап, аны 10-декабрга чейин камакка алды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматы 12-октябрда кабарлады.

Карашев качан жана кайсы ишке байланыштуу кармалганы белгисиз. Аны тергөө бүткүчө камакка алуу өтүнүчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Башкы тергөө кызматынын тергөөчүсү келтирген.

Соттун чечимине ылайык, Замирбек Карашев атайын кызматтын тергөө абагына киргизилди.

Анын адвокаттары жана жакындары, УКМК азырынча анын кармалышына байланыштуу комментарий бере элек.

Замирбек Карашев бажы тармагында бир нече жогорку кызматтарды аркалаган. “Райым миллион” атыккан бажычы Райымбек Матраимов Ош облустук бажысын башкарып турганда Карашев анын орун басары болгон. Андан кийин "Манас" эл аралык аэропортунун бажы кызматынын башчысынын орун басары болуп иштеп, кийин бул кызматты жетектеген.

2019-жылы октябрда ал кызматынан дагы бир тепкичке жогорулап, Кыргызстандын бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгына дайындалган. 2021-жылдын апрелинде аталган кызматтан бошотулган.

2021-жылдын июнь айында Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP) өнөктөштөрү Bellingcat жана "Клооп" менен биргеликте Кыргызстандын Бажы кызматынын мурдагы кызматкери Замирбек Карашевдин байманалуу жашоосу тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда бажычынын үй-бүлөсү декларацияда көрсөткөн мүлкүнө дал келбеген жашоосу көрсөтүлгөн.

Журналисттер ачык булактардын жардамы менен Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен Замирбек Карашаевдин үй-бүлөсү Тайландда чогуу эс алганын далилдешкенин жазган. Иликтөөдө негизги далилдерди Матраимовдун аялы Уулкан Тургунованын жана Карашевдин кызынын Инстаграмдагы сүрөттөрү түзгөн.

“Азаттык” радиосунун, “Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоорунун” (OCCRP) жана Kloop порталынын “Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо” жана “Көмүскө акча ташыгандар кербени” деген үч-төрт жыл мурдагы иликтөөлөрүндө көпчүлүккө белгисиз Хабибула Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө Кыргызстандын Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов көмүскө схеманы түзгөнү аныкталган.

Андан кийин “Азаттыктын” “Матраимовдор иши: Дубайдагы мүлк” деген иликтөөсүндө Райымбек Матраимовдун жубайынын Дубайда Абдукадырлар үй-бүлөсү менен инвестициялык бизнеси бар экени билинген.

2020-жылкы Октябрь окуяларынан кийин бийлик башына келген Садыр Жапаров эл алдында Райымбек Матраимов камаларын убада кылган. Кийин Матраимов кармалып, сотто күнөөсүн моюнга алып, мамлекетке 2 млрд. сом төлөп бергенден кийин абактан бошотулган.

2023-жылдын 4-октябрында Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөндөн кийин суракка чакырылгандардын арасында Райымбек Матраимов да бар болгон. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG