Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Бишкекте Украинадагы согушту токтотуу талабы коюлган пикет өттү


Бишкекте 12-октябрда Украинадагы согушту токтотуу талабы менен пикет өттү. “Тунук-Улук” эл аралык кайрымдуулук фондунун жетекчиси Бакыт Ордобаев өзү жалгыз Максим Горький атындагы бакчага Орусиянын президенти Владимир Путинди Украинадагы согушун токтотууга чакырган пикет уюштурганын, бирок милиция кызматкерлери аны кармап кетишкенин “Азаттыкка” айтып берди:

“Путиндин сүрөтүн көтөрүп, астына “Согушту токтот!” деп жазып алып, ал саммитке келген экен, ошондуктан элдин көңүлүн бурайын деп атайын чыктым эле. Украинадагы согушта биздин Кыргызстандын да жарандары өлүп келип жатпайбы. Милиция акция мыйзамсыз экенин айтып жатат, себеби саммит убагында чыкканга эки күнгө уруксат жок экен. Азыр мени коё бергени жатышат, плакатымды алып коюшту, сизди саммиттен кийин чакырып, сүйлөшөбүз дешти”.

Ордобаевдин айтымында, анын “Тунук-Улук” фонду жетим-жесирлерге жардам берүү менен алектенет.

Окуя тууралуу жергиликтүү милиция азырынча комментарий бере элек.

Украинага кол салганы үчүн бир топ өлкөлөрдүн айыптоосуна кабылган, украиналык балдарды өлкөсүнөн мыйзамсыз чыгарып кеткен саясаты үчүн Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотунун камакка алуу ордери берилген Путин бүгүн 12-октябрда Кыргызстнга расмий сапар менен келди. Ал өлкө жетекчилиги менен жолугуп, Кант авиабазасынын жанында кыргыз тарап кошумча бөлүп берип жаткан 5 гектер жерди көрүп, КМШ саммитине катышат.

Кыргызстан Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутуна кошулган эмес. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG