Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

Путиндин Кыргызстандагы расмий сапары башталды


Бүгүн 12-октябрда эртең менен Кыргызстанга расмий сапар менен Орусиянын президенти Владимир Путин келди. “Манас” эл аралык аэропортунан аны Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда, Путин мамлекет башчысы Садыр Жапаров менен сүйлөшүү жүргүзөт жана 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин (КМШ) президенттеринин жыйынына катышат.

Бул күндөрү кыргыз-орус кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган бир топ иш-чаралар уюштурулуп жатат. Путин Канттагы авиабазага да барат.

11-октябрда кыргыз парламенти Орусиянын абадан коргонуу системаларын жайгаштыруу үчүн Канттан 5 гектар жер бөлүп берүү тууралуу мыйзамды дароо үч окууда карап, бир добуштан колдоп берди.

Кыргыз тараптын маалыматы боюнча, 2018-2022-жылдар аралыгында ортодогу соода-сатык көлөмү 1,8 эсе өсүп, Кыргызстандан экспорт 3 эсе, ал эми импорт 19,3% көбөйдү. Былтыр соода жүгүртүү көрсөткүчү рекорддук чекке жетип, 3,4 млрд долларды түздү.

Путиндин сапары Орусия болуп көрбөгөндөй санкцияларга кабылып, Батыш менен мамилеси курчуп турган учурга туш келди.

2022-жылы 24-февралда Орусия Украинага согуш ачкандан бери ал Кыргызстанга экинчи жолу келип отурат. Былтыр декабрда Бишкекте өткөн Евразия экономикалык биримдигинин жыйынына катышкан.

Бул жолу Эл аралык кылмыш соту Путинди камакка алууга ордер бергенден соң келди. Гаагадагы соттун мындай чечимине Москванын украиналык балдарды өлкөсүнөн мыйзамсыз чыгарып кеткени себеп болгон. Бирок Кыргызстан Эл аралык кылмыш сотунун Рим статутуна кошулган эмес. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG