Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:09

Газада жападан-жалгыз электрстанциясы иштебей калды


Газа тилкеси, 11-октябрь 2023-жыл
Газа тилкеси, 11-октябрь 2023-жыл

Шаршембиде Газа тилкесинде суюк отундун тартыштыгынан жападан-жалгыз электрстанциясы токтоп калды. Израилден электрэнергия берүү ХАМАС радикал тобунун 7-октябрдагы кол салуусунан кийин үзгүлтүккө учураган. Газада электржарыгы дизел-генераторлордун жардамы менен гана берилүүдө, бирок ал запастар канча убакытка жетери белгисиз. Улуттар Уюмунун пикиринде, мындай абал гуманитардык кризиске алып келиши ыктымал.

ХАМАСтын күчтөрү Израилдин түштүк жана борбордук бөлүктөрүн аткылоону улантууда. Жөөт армиясы жооп кайтырып, Газадагы аскердик жайларга сокку урганын билдирүүдө. Андан тышкары Израил Ливандын чек ара аймактарын аткылап жатат. Ал жактардан буга чейин Израилге ракеталар атылган. Ал үчүн жоопкерчиликти өзүнө "Хезболла" радикал уюму алган.

Израилде ХАМАСтын кол салуусунан бери кеминде 1200 киши каза тапты, 2400дөйү жарадар болду. Газанын Саламаттык сактоо министрлиги Израилдин чабуулдарынан 950 кишинин өлгөнү жана 5 миңдей кишинин жаракат алганын маалымдады.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израилдин Газага жооп кайтарып сокку урушун «массалык адам өлтүрүү» деп атады. Анкара ХАМАС менен сүйлөшүүлөргө ортомчу болууну сунуш кылууда.

Египет бийлиги ок атышуу токтосо, Газа секторуна гуманитардык жардам жеткирүүнү караштырууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG