Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:42

Шаардык сот камактагы төрт өспүрүмдүн иши боюнча маалымат берди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы 11-октябрда акыйкатчы Жамила Жаманбаеванын төрт өспүрүм тергөө абагында камакта отурганы тууралуу билдирүүсүнө жооп берди. Мекеменин маалыматына караганда, ал балдар адам өлүмү менен коштолгон окуядан улам Свердлов райондук сотунун 31-августтагы чечими менен камакка алынган.

Окуя 24-августта болгону, төрт өспүрүмдүн кол салуусунан бир адамдын өмүрү кыйылганы, алар бул кылмышты акчасын тартып алуу максатында алдын ала сүйлөшүп алып жасашканы, райондук соттун камакка алуу чечимин кийин шаардык сот да күчүндө калтырганы маалымдалды.

Төрт өспүрүмдүн камакка алынышына байланыштуу акыйкатчы Жамила Жаманбаева тынчсыздануусун билдирип, сот жана прокуратура органдарын балдардын укугун сактоого, аларды тергөө абагынан бошотууга үндөгөн.

Кылмыш-жаза кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен айыпталып жаткан 14-16 жаштагы төрт өспүрүмдү Бишкектин Свердлов райондук соту 26-ноябрга чейин камакка алуу чечимин чыгарганы белгилүү болгон.

Омбудсмен кеңсесинин маалыматына караганда, судья өспүрүмдөрдүн өзүлөрүнүн көрсөтмөсүн укпай койгон жана Свердлов райондук үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлүнүн балдарды камакка албай, ата-энесинин жоопкерчилигине өткөрүп берүү тууралуу жүйөлөрүн көз жаздымда калтырган.

Судья Жогорку Соттун пленумунун өспүрүмдөр өзгөчө оор кылмыш жасаган, тергөө органынан качып жүргөн учурда же бөгөт чарасын бузганда гана камакка алынышы керектиги жөнүндө токтомун эске албаганы да белгиленген. Балдарды камакка алуу тууралуу чечим чыгарганда Кыргызстандын өзүнүн жана эл аралык принциптери менен нормалары эске алынбаганы айтылган.

Соңку жылдары өлкөдө кылмыш жасаган өспүрүмдөрдү сотко жеткирбей, түшүндүрүү иштери менен туура жолго салуу максатын көздөгөн ювеналдык юстиция ыкмасы жайылтылып келатат.

Оор кылмыш кылгандар №14 колонияга жөнөтүлөт. Өспүрүмдөр кармалуучу жалгыз абак Чүйдүн Вознесеновка айылында жайгашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG