Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:58

УКМК "Көлбаевдин өнөктөшү Боотаев кармалганын" маалымдады


Азрет Боотаев. УКМК тараткан сүрөт.
Азрет Боотаев. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) "Каганат Resort" эс алуу борборунун тең негиздөөчүсү жана "Аврора Групп" ишканасынын ээси Азрет Боотаев 4-октябрда кармалганын 11-октябрда билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы ишкер Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси (Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, камакка алынганын кошумчалады.

Маалыматта Азрет Боотаев К.Асанбектин (Көлбаев) бизнес өнөктөшү катары иш алып барганы жазылган.

Атайын кызмат айрым маалымат каражаттарында Бишкек шаарынын, Курултай көчөсүнүн 53 дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлк башка жаранга тиешелүү деп жарыяланган маалымат чындыкка дал келбесин билдирди.

"Кеңешбек Молдобаев өзү жогорудагы даректе жашай турганын буга чейин маалымат каражаттарына билдирген, иш жүзүндө Курултай көчөсүндөгү №49 үйдө жашайт. Бул төмөндө айтылган даректен башка кыймылсыз мүлк. Ал эми Курултай көчөсүндөгү 53-үй Азрет Боотаевдин атасына катталган, үй анын мүлктөрүнүн арасында", - деп жазылган маалыматта.

Мекеме уюшкан кылмыштуу топтордун башчыларынын жана мүчөлөрүнүн мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккендерди УКМКга түз кайрылууга чакырды.

Атайын кызмат буга чейин кабарлагандай, 4-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”, “Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү” жана “Кылмыш жасоого аракеттенүү” беренелеринин негизинде иш козголуп, “Көлбаевдин жана анын кол астындагы адамдардын опузалоо жана рейдерлик аракеттери аркылуу алынган мүлктү жана активдерди мыйзамдаштырууга, башка да оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышы бар кылмыштуу топтун лидерлери жана 20 чакты активдүү мүчөсү” кармалган.

Ошондой эле кылмыштуу топторду каржылаган деген шек менен бир нече ишкер кармалганы кабарланган.

“Кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн УКМК ырастаган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG