Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:38

Израилде ХАМАС тобунун чабуулунда курман болгондордун саны миңден ашты


Израилде ХАМАС тобунун чабуулунда курман болгондордун саны миңден ашты. Бул тууралуу шейшембиде Израилдин АКШдагы элчилиги билдирди. Жабыркагандар 3,5 миңге жакын.

Кол салуу болгон конуштардан сөөктөр табылып жаткандыктан, каза тапкандардын саны улам өсүүдө.

Шейшемби күнү эртең мененки расмий маалыматка караганда, Израилдин 123 жоокери салгылашууда курман болгон.

Ал эми Израилдин ХАМАСтын Газа тилкесиндеги турумдарына соккуларынын натыйжасында 800дөн ашуун палестиналык набыт болуп, 4 миңден ашууну жараат алды. Бул тууралуу жергиликтүү Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Израилдин армиясы өз аймагында гана ХАМАСтын 1500 согушкери өлтүрүлгөн деп ырастоодо. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактардан текшерүү мүмкүн эмес.

АКШда жана Евробиримдикте террорчу деп таанылган палестиналык ХАМАС радикал тобу 7-октябрда Газа тилкесинен Израилге жапырт ракеталык чабуул жасаган. Буга жооп катары Израил армиясы Газага сокку уруп, аймакты курчоого алды жана электр менен сууну бөгөттөдү.

Газа секторун көзөмөлдөгөн ХАМАС тобу Палестин автономиясынын администрациясына баш ийбейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG