Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:57

Казак-орус чек арасында калган мигранттар Кыргызстанга жеткирилди


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияга кирүүгө уруксат берилбей, орус-казак чек арасында калып калган кыргызстандык мигранттар бүгүн, 10-октябрда мекенине кайтып келишти. Аларды кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекетинен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери тосуп алышты.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Алматыдагы Башкы консулдуктун жардамы менен мекендештерибиз 10-октябрда, күүгүмдө кыргыз-казак чек арасындагы Акжол (Кордай) көзөмөл-өткөрүү пунктуна аман-эсен жеткирилди",- деп жазылган маалыматта.

Социалдык тармактарда Орусияда иштеген он чакты кыргызстандык жаран паспортуна "кирди-чыкты" белгисин койдуруу үчун Казакстанга кирип, кайра Орусияга өтө албай, чек арада ачка, акчасыз калганы тууралуу маалымат тараган. Алардын бири Орал шаарында казак аскерлери документтерин алып, 7 миң рублдан акча талап кылганын билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, аларды алгач Чымкент шаарына, андан кийин Бишкекке жиберүү маселеси чечилгенин, алар 9-октябрда жолго чыкканын кабарлаган.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны эмгек мигранты болуп жүрөт.

Былтыр сентябрдан тартып мигранттардан эмгек келишимин жана жашаган жериндеги миграциялык каттоосун талап кылган эреже күчүнө кирген. Мындан улам паспортуна “кирди-чыкты” белгисин койдуруу үчүн мигранттар Казакстанга кирип чыгышат.

Былтыр алардын айрымдары жол кырсыгына кабылып, 14 кыргыз жараны мерт болгон.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG