Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:10

Кытайдын Кыргызстандагы элчисине "Достук" ордени ыйгарылды


Ду Дэвень, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси
Ду Дэвень, Кытайдын Кыргызстандагы элчиси

Президент Садыр Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнге "Достук" орденин 9-октябрда тапшырды.

Сыйлыкты тапшырып жатып, мамлекет башчысы ордендин маанисин түшүндүрдү.

"Кыргызстан сиздин кыргыз-кытай ынак коңшулук, достук жана кызматташтык мамилелерин чыңдоого кошкон баа жеткис салымыңызды жогору баалайт", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент ошондой эле кыргыз-кытай мамилелери жогорку деңгээлге чыкканын, соода-экономикалык кызматташтыктын ийгиликтүү алга жылышына, маданий-гуманитардык байланыштардын жана башка тармактардын чыңдалышына канааттанарын билдирди.

Өз кезегинде элчи Ду Дэвэнь сый-урмат жана жогорку сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, бул сыйлык тараптардын мамилелерин бекемдөө жана өнүктүрүү үчүн иштөөгө шыктандырарын белгиледи.

Президент Жапаров катышкан, 19-майда Сиан шаарында өткөн "Кытай – Борбор Азия" саммитинде Бээжин Кыргызстанга 300 миллион юань же 43 миллион долларлык грант берери маалым болгон.

Майдын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы жалпы 5 млрд 667,63 млн долларды (496 млрд 428,06 млн сом) түзсө, анын 4 млрд 489,7 млн доллары тышкы карыз болгон. Ал сумманын 1 млрд 734,58 млн доллары Кытайга туура келет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG