Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:38

Түркиялык укук коргоочу Вацлав Гавел атындагы сыйлыкка татыды


Ишкер, филантроп жана укук коргоочу Осман Кавала. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.
Ишкер, филантроп жана укук коргоочу Осман Кавала. Сүрөт качан тартылганы белгисиз.

Түркияда түрмөдө жаткан укук коргоочу Осман Кавала Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын (ПACE) Вацлав Гавел атындагы сыйлыгынын лауреаты болду. Бул тууралуу 9-октябрда жарыяланды.

Вацлав Гавел атындагы сыйлык жыл сайын адам укугун коргоо жаатында «алгылыктуу иштерди» жүргүзгөндөргө ыйгыралат.

Ишкер, филантроп жана укук коргоочу Кавала 2017-жылы Гези паркындагы каршылык акцияларына ыктымал байланышы үчүн камалган.

Адам укуктары боюнча Европа соту анын камалышы Европа конвенциясына каршы келерин билдирсе дагы түрк бийлиги аны 2022-жылы өмүр бою эркинен ажыраткан.

Буга чейин Вацлав Гавел атындагы сыйлыкка Беларус абагында жаткан оппозициячыл активист Мария Колесникова, орусиялык оппозициячыл саясатчы Владимир Кара-Мурза татыган.

2013-жылы Түркияда өкмөттүн Стамбулдагы Таксим аянтын кайра куруу планынан улам Гези паркында башталган нааразылык акциясы бир нече күнгө созулуп, башка шаарларга дагы жайылган. Толкундоолор маалында жүздөгөн кишик кармалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG