Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:07

ХАМАС барымтага алынган кишилердин санын жарыялай турганын билдирди


Би-Би-Си маалымдагандай, бир нече саат аралыгында ХАМАС барымтага алынган израил жоокерлеринин жана жай тургундардын санын жарыялай тургандыгын билдирди. Jerusalem Post басылмасы буга чейин 750 израилдик дайынсыз болуп жатканын кабарлаган.

Газанын Cаламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин аба соккуларынан 313 киши мерт болгонун билдирди. Алардын жарымы жай тургундар, арасында алты аял, 20 бала бар.

Израил ХАМАСтын башчыларынын үйлөрү бутага алынганын, бирок соккуга алар менен чогуу үйдө калган туугандары дуушар болуп жатканын билдирүүдө. Мындан тышкары палестиналык сапатсыз ракеталар Газадан чыгарылганда дароо жарылып кеткен учурларда дагы курмандыктар болушу мүмкүндүгү айтылууда.

Ишембиде ХАМАСтын мүчөлөрү Израилдин шаарларына кирип келип, сокку урган.

Аймакта мындан туура 50 жыл мурда, 1973-жылы дал ушул күнү да катуу согуш болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG