Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Дүйнө коомчулугу Израилдеги кырдаалга реакция билдирүүдө


Израиль, 7-октябрь, 2023-жыл.
Израиль, 7-октябрь, 2023-жыл.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел Брюссель Израилдеги кырдаалга көз салып турганын билдирди. "Биз ХАМАСтын чабуулун айыптайбыз" деп жазды ал Твиттердеги баракчасына.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Израилге кол салууну айтыптап, жай тургундарга карата зомбулукту токтотууга чакырды.

"Британия ХАМАСтын үрөй учурган чабуулдарын айыптайт", - деп жазды Британиянын тышкы иштер министри Жеймс Клеверли.

Түркиянын президенти Режеп Эрдоган жана Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тараптарды сабырдуулукка чакырды. Орус ТИМнин өкүлү Мария Захарова чатак дипломатиялык жолдор менен гана жөнгө салынышы мүмкүн экенин айтты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский жай тургундардын набыт болгонуна байланыштуу Израилге көңүл айтты. Ал Телеграм-каналына "Террорго дүйнөнүн эч жеринде мүмкүнчүлүк бербөө керек, анткени террор бир өлкөгө гана эмес, жалпы адамзатка каршы жасалган кылмыш", - деп жазды.

Сауд Арабиясынын Тышкы иштер министрлиги эки тарапты чатакты ырбатпоого чакырып, кырдаалдын өнүгүүсүнө кылдат көз салып турарын маалымдады.

Катардын Тышкы иштер министрлиги тараптарды чатакты ырбатпоого чакырып, куралдуу жаңжал үчүн жоопкерчиликти Тель-Авивге жүктөдү.

Тегеран палестиндердин ХАМАС тобун колдой турганын Ирандын жогорку көсөмүнүн кеңешчиси генерал Рахим Сафави билдирди.

Сириянын президенти Башара Асад Фейсбуктагы расмий баракчасына ХАМАСчыларды колдогон пост жарыялады.

Ал эми Палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас палестин эли "баскынчы аскерлерден" коргонууга укуктуу экенин билдиргенин Reuters жазды.

7-октябрдын таңында палестиндердин Газа тилкесин көзөмөл кылган ХАМАС тобу Израилди аткылай баштаган. Ондогон израилдик аскерлер жана жай тургундар набыт болгону, жүздөгөн адам жаракат алганы кабарланды. Израилде расмий түрдө согуш абалы жарыяланып, чукул кырдаал киргизилди. Израил армиясы "Темир кылыч" операциясынын алкагында Газа тилкесин аткылоодо.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG